• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ахматбек Келдибековго карата өкүмдөр жокко чыгарылды – Жогорку сот

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Соттордун Ахматбек Келдибековго карата өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу агенттикке Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Анын маалыматына ылайык, КР Жогорку сотунун 2021-жылы 18-августтагы токтому менен Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 12-ноябрдагы жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылы 11-марттагы өкүмдөрү, андан тышкары КР Жогорку сотунун 2016-жылы 13-октябрдагы Ахматбек Келдибековго карата токтому жокко чыгарылды.

А.Келдибековдун ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү өтүнүчү жогорку сот органынын соттук коллегиясы тарабынан мамлекеттик айыптоочунун жазык ишин кайра карап чыгуу жана биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүү зарылдыгы жөнүндө корутундусун эске алуу менен канааттандырылды.

Кылмыш иши Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий