• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Атада "Вакцина алуу менен COVID-19 илдетин жеңебиз!" аттуу акция жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 1-сентябрдан 10-сентябга чейин "Вакцина алуу менен COVID-19 илдетин жеңебиз!" аттуу акция жүрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн медицина кызматкерлери, райондук администрациясынын жетекчилери, мекеме-түзүмдөрдүн кызматкерлери акцияга катышып, жөө жүрүш жасашты.

Акциянын негизги максаты - вакцина алуу менен илдетти жеңип, өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден соолугуна камкордук көрүү, вакцина тууралуу ар кандай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакыруу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий