• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Австралия соода-экономикалык, инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-сентябрында резиденциясы Токио шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Австралия биримдигиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирлан Арстанбаев Австралия биримдигинин генерал-губернатору Дэвид Хёрлиге ишеним грамотасын онлайн форматта тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземдин жүрүшүндө генерал-губернатор Д.Хёрли М.Арстанбаевди Австралия биримдигиндеги Кыргызстандын элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, чек аралар ачылгандан кийин өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды.

Чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, элчи М.Арстанбаев эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу достук байланыштарды илгерилетүүгө жана чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Тараптар кыргыз-австралиялык мамилелерди өнүктүрүү темасын улантып, соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин өзгөчө белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий