• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исламабадда Кыргызстан жана Кытайдын Пакистандагы элчилери жолукту

Саясат 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Ушул жылдын 17-ноябрында Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Кытайдын Пакистандагы элчиси Нонг Ронг менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибин, анын ичинде Афганистандагы абалды талкуулады.

Элчи У.Тотуяев транспорт-энергетика чөйрөсүндө мамлекеттер аралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин, атап айтканда, аймактык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын, Казакстандын, Кытайдын жана Пакистандын өкмөттөрүнүн ортосундагы транзиттик жүк ташуу боюнча төрт тараптуу макулдашуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар аймактык күн тартибинин алкагында кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган эки өлкөнүн дипломатиялык миссияларынын ортосундагы байланыштарды мындан ары да улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий