• 84.8
  • 96.11
  • 1.1

Ташкентте Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолукту

Саясат 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-декабрында Ташкентте “Борбордук – Азия Италия” министрлеринин экинчи жолугушуусунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, өз ара пайдалуу биргелешкен иш-чараларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги белгиленди.

Министрлер 2021-жылдын 21-ноябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн министрлердин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий