• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Кипрдын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясына катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Никос Христодулидис менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кипр эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде 2022-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында уюштурулуучу иш-чаралар талкууланды. Өлкөлөрдүн ортосундагы укуктук базаны кеңейтүү боюнча сунуштар каралды.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Кипрдин жогорку деңгээлдеги делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте пландаштырылган “Европа биримдиги-Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумунун ишине катышууга чакырды.

Кипр ТИМ башчысы өз кезегинде кыргыз-кипр мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирип, Кипр Кыргызстан менен кеңири маселелер боюнча конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана практикалык өз ара аракеттенүүнү түзүүгө даярдыгын белгиледи.

Тараптар Афганстандагы абалды нормалдаштыруу жана анын кесепеттерин аймактын өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн жоюу боюнча биргелешкен чаралардын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул контекстте алар Европа биримдиги менен биргеликте билим берүү, саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Пикир

Оставить комментарий