• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМдин орун басары ШКУнун РАТТ Аткаруу комитетинин директорун кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык террорго каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору (ШКУ РТТ АК) Руслан Мирзаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле ШКУ РТТ АК линиясы боюнча мындан аркы кызматташуу пландары талкууланды.

Р. Мирзаев ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тапшырмаларын аткаруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, 2022-жылга ШКУ РТТ Аткаруу комитетинин алдыдагы пландары жана иштери жөнүндө кыскача маалымат берди.

А. Мадмаров ШКУ алкагындагы КРнын өз ара аракеттенүүсү өлкөнүн тышкы саясатында маанилүү орунду ээлеп тургандыгын белгиледи, КР ТИМдин ШКУ РТТ Аткаруу комитетине зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий