• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Айдарбеков Ослонун мэри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. КРнын Тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегия мамлекетине болгон иш сапарында Осло шаарынын мэри Марианне Борген менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар Норвегиянын шаар инфраструктурасын өнүктүрүү тажрыйбасын колдонуу менен эки өлкөнүн муниципалитеттери ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. Норвегия көчөлөрдү жарыктандырууда жана жол коопсуздугун сактоодо заманбап системаларды колдонуу, экологиялык тутумду жакшыртуу, электр энергияны сактоодо жана муниципалдык имараттардын энергоэффектүүлүгүн жогорулатууда жаңы технологияларды колдонууда тажрыйбасы бай.

Айдарбеков бирдиктүү долбоорлорду ишке киргизүү максатында Бишкек менен Осло шаарынын муниципалиттери ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу маанилүү экендигин баса белгилеген. Ошондой эле тараптар мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо боюнча кызматташуу маселелери абдан маанилүү экендигин белгилешкен.

Ошондой эле Осло шаарынын мэрине Бишкектин мэринин атынан салам айтылып, Бишкек дайыма эки тарапка тең пайда алып келүүчү кызматташууга даяр экендиги айтылган.

Пикир

Оставить комментарий