• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинде Ишенгүл Болжурованын төрагалыгы астында КР ТИМинин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга министрликтин статс-катчысы Н.Бардинов жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле министрликтин жооптуу кызматкерлери катышты.

Жыйында Коомдук кеңештин мүчөлөрү Кыргызстандын Австриядагы элчиси/Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Б.Жусуповдун отчетун угушту.

Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө КР ТИМиндеги коррупциялык тобокелдиктерди ажыратуу боюнча иш-чаралардын Деталдаштырылган планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилген, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери Деталдаштырылган пландын иш-чараларынын аткарылышы жөнүндөгү Коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Биринчи Саясий департамент КР президенти С.Жапаровдун ушул жылдын 11-12 мартындагы Өзбекстан Республикасына болгон Мамлекеттик иш-сапарынын жүрүшүндө жетишилген Кыргызcтан менен Өзбекстандын ортосундагы энергетикалык, аскердик, маданий жана айыл чарба жааттарындагы макулдашуулар жөнүндө Коомдук кеңешти маалымдады.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы КР ТИМине караштуу Тышкы миграция департаменти болуп кайра түзүлгөнүнө байланыштуу КР ТИМинин статс-катчысы Н.Бардинов Коомдук кеңешке КР ТИМинин Тышкы миграция департаментинин жаңы түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча жасалган иштер тууралуу маалымдады.

Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча Коомдук кеңештин мүчөлөрү ишмердиктин бардык багыттары боюнча Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин, ошондой эле КР ТИМиндеги коррупциялык тобокелдиктерди ажыратуу боюнча иш-чаралардын Деталдаштырылган планынын аткарылышы бөлүгүндөгү министрликтин жана айрым түзүмдүк бөлүмдөрдүн иштерине оң баа беришти жана иш-чараларды ишке ашырууну улантуу жана Деталдаштырылган планды актуалдаштыруу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий