• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстан сенатынын төрайымынын Кыргызстанга расмий сапары жылдырылды

Саясат 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Казакстан Республикасынын парламентинин сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка мерчемделген Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Казакстан парламентинин сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Парламент жетекчилери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялагандыгынан улам боордош эки өлкөдө илдеттен сактануу багытында көрүлүп жаткан чараларга ылайык пландалган сапарды жылдыруу керектигине токтолушту. Ошондой эле бир тууган эки элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамилени өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү.

Мындан тышкары, телефондук баарлашууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленди. Ошону менен бирге депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий