• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев финляндиялык кесиптеши менен кызматташуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Кечээ, 23-октябрда Люксембург шаарында "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" форматындагы тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын жолугушуусунун алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Нью-Йорк шаарында мамлекет башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, санариптештирүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташууну жана тажрыйба алмашууну активдештирүү зарылчылыгы жана Скандинавия өлкөлөрү менен тереңирээк өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү белгиленди. Ошондой эле эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Министр Кулубаев маектешти эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий