• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Палестинанын ТИМ башчылары бир катар эки тараптуу келишимдерге кол койду

Саясат 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Палестинанын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Рияд Аль-Малики жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол койду.

Тизме:

  • Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Палестинанын “WAFA” мамлекеттик маалымат агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө” келишим;
  • “Маданият чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө” келишим;
  • “Айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө” келишим;
  • “Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө” келишим;
  • Жолугушуунун протоколу.

Эскерте кетсек, Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий иш сапары менен күн мурун, 27-августта келген. Кечээ Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Маликини Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган.

Ал эми бүгүн, 28-августт "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан жана Палестинанын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий