• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан жана Норвегиянын ТИМ башчылары видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Саясат 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Кыргызстан жана Норвегиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Инне Сёрейде видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө министрлер коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында натыйжалуулукка багытталган кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо, «жашыл экономика» жана энергиянын жаңыланма булактары чөйрөсүндө кызматташуу маселелери каралды. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде боло турган байланыштардын графиги талкууланды. Соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Эл аралык уюмдардын алкагында тараптардын демилгелерин өз ара колдоо маселелерине көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий