• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вашингтондо кыргыз-америка кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. 2017-жылы 2-мартта Вашингтон шаарындагы Колумбия округунда КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Э.Кайкиев менен АКШнын Борбордук Азия боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Д.Розенблюмдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын эки тараптуу өз ара аркеттердин алкагында да, Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын “С5+1” форматындагы аймактык диологунун линиясы боюнча да абалын жана келечегин талкуулашты.

Мамлекеттик ишмерлер чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу, соода-экономикалык, инвестициялык, андан тышкары маданий-гуманитардык жаатта эки тарапка тең кызыкчылыктуу өз ара аракеттер боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий