• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын Түркиядагы элчилери кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 8-февралында Кыргызстан менен Өзбекстандын Түркиядагы элчилери Кубанычбек Өмүралиев жана Алишер Агзамходжаев жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги, ошондой эле аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий