• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тышкы иштер министри Айдарбеков расмий визит менен Түркияда жүрөт

Саясат 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Бүгүн 6-майда, Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун чакыруусу боюнча КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркияга расмий визити башталды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында Министр Ч.Айдарбеков өлкө жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана Түркиядагы диаспора өкүлдөрү, мекендештер менен жолугат.

Пикир

Оставить комментарий