• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 7 миңге жакын абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Эртең, 7-майда өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы “акылдуу” эсептегичтерге кошулган 6 800 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын карыздарынын суммасы 12,8 млн. сомду түзөт.

"Ыйык Орозо айында ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

"Түндүк электр" ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. "Quickpay", "АсИсНур", "UMAI", "Terempay", "KICB", "БТА Банк" төлөм терминалдарынан, ошондой эле "Элсом", "UMAI" электрондук капчыктарынан, "Кыргызпочтасы" МИ, "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк" кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Пикир

Оставить комментарий