• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кой-Таштагы окуяны иликтөө: Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын так санын билбейт

Коом 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги 2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандардын так санын айта албайт. Бул тууралуу Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында Арашан айылындагы оорукананын директору Динара Осмонкулова билдирди.

Комиссия мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигинен жабыркагандардын тизмесин жана алардын жаракаттары тууралуу маалыматты берүүнү сурады. Андан тышкары, комиссия мүчөлөрү Кой-Таштагы окуядан жабыркагандардын дары-дармектерине канча каражат кеткендигине кызыгышты.

Осмонкулованын маалыматында, жабыркагандар келип түшкөн кезде аларды каттоо тууралуу ойлонууга да мүмкүн болгон эмес.

"Биз көпчүлүгүн каттоого алган эмесбиз. Фамилиялары боюнча маалымат бере албайбыз. Айрымдары алгачкы медициналык жардам алгандан кийин кетип жатышты. Анткени, коркушту", - деп билдирди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мүмкүнчүлүккө жараша тизме түзүүнү, катталбагандардын санын гана көрсөтүп коюну сунуштады. Осмонкулова анда так саны анык болбой тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, жабыркагандар тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин, ИИМдин жана УКМКнын берген маалыматтары ар башкача болуп жаткандыгы комиссия мүчөлөрүнүн нааразычылыгын туудурду.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон.

Натыйжада УКМКнын "Альфа" түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековго ок тийип каза болуп, 40дан ашуун адам жабыркаган.

8-августта укук коргоо органдары тарабынан Атамбаев кармалып, 26-августка чейин камакка алынган. 20-августта Биринчи май райондук соту аны үстүбүздөгү жылдын 26-октябрына чейин камакта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий