• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарым жыл ичинде соттолгондордун 800дөн ашуун иши кайра каралды

Коом 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Жарым жыл ичинде соттолгондордун 800дөн ашуун иши кайра каралды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Алихан Рустамов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, жыл башынан бери Жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясына 904 материал түшүп, 36 көчмө жыйын болуп, түзөтүү мекемелеринин түрүн өзгөртүү боюнча Жаза аткаруу кызматынын мекемелери өтүшү каралган.

Учурда каралып жаткан материалдардын жалпы саны 852ни түзөт. Алар:

  • Түзөтүү колонияларынан жана тергөө абактарынан турак жай колонияларына 572 соттолгон которулган;
  • Оңолуу жолуна түшпөгөн жана мүнөзү начардыгы үчүн турак жай колонияларына которуу боюнча 206 соттолгон адамдардын өтүнүчү четке кагылган;
  • Орнотулган татипти бузуу үчүн турак жай колониясынан жалпы жана күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колонияларына 45 соттолгон адам которулган, 9 четке кагылган жб.

Пикир

Оставить комментарий