• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мушкер Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди

Спорт 0

Бишкек, 19.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык Антонина Шевченко биринчи жолу Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) рейтингине кирди. Бул тууралуу аталган уюмдун сайттында жарыяланды.

Мушкер эң жеңил салмак чениндеги тизменин 15-орунунда жайгашса, анын сиңдиси Валентина Шевченко сап башында турат.

Антонина Шевченко UFC уюмуна былтыркы жылы келген. Алгачкы беттешке кореялык Джин Йон Ким менен чыгып, утуп алган.

Экинчи беттеши Россияда өтүп, анда АКШдан келген Роксанн Модаффери менен болгон таймашында утулуп калган.

Белгилей кетсек, Антонина Шевченконун кийинки беттеши 3-августта Луси Пудилова мушкери менен болмокчу

Пикир

Оставить комментарий