• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 30 жаштагы Айжиана Дагирова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон Айжиана Дагирова изделүүдө.

Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, 17-янарда К.Р. аттуу жаран кайрылып, эжеси 1992-жылы туулган Дагирова Айжиана Маликовнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Ал ошол эле күнү саат 16:00дөн 18:00 аралыгында Васильев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кетип кайра келген эмес. Азыркы учурда анын жүргөн жери белгисиз.

Белгилери: бою болжол менен 160-165 см, орто дене түзүлүштө, ак жуумал, чачы күрөң орто узундукта.

Кийген кийими: күңүрт-сары түстөгү куртка, капюшону бар кызгылтым костюм, кызгылт шым, бутунда кара өтүк, күрөң шарф.

Милиция кыздын психикалык жактан жабыркай турганын белгиледи.

"Эгерде кандайдыр бир маалымат болсо 0(705) 102 -000 же 102 номуруна чалып билдирип коюну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий