• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМдин түзүлгөнүнө 80 жыл. Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы куттуктоо катын жөнөттү

Саясат 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге куттуктоо катын жолдоду.

“Сизди, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерин жана ардагерлерин министрлигибиздин 80 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Бүгүнкү күндө, министрлигибиз улуттук кызыкчылыктарды ырааттулук жана тең салмактуу тышкы саясаттын негизинде татыктуу жактап, эл аралык аренада өлкөнүн аброюн чыңдоо жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктарьш коргоо жолунда жогорку ийгиликтерге жетишип, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келүүдө.

Тышкы иштер министрлиги элибиздин эл аралык алакасын мындан ары арттырып, даанышман дипломаттарыбыз чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгыбызды талыкпастан өнүктүрө беришине тилектешмин», - деп айтылат Өмүралиевдин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий