• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу аткезчилик жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан миграциянын жана контрабанданын мыйзамсыз каналдарын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн колдонулган тоннель табылды.

Аталган тоннель Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасына жакын жерден табылган.

Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метрди, ал эми бийиктиги 1 метр 70 смди түзөт.

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда УКМК кызматкерлери тарабынан тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка адамдарды, КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды жана жеке жактарды аталган кылмыш тууралуу кошумча маалыматтары болсо 0995 012 210 (whatss app/telegram) байланыш номурлары аркылуу билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий