• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Кыргызстан менен Бералустун тышкы иштер министрлери жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Владимир Макей жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Москва шаарында КМШ ɵлкɵлɵрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында өткөн.

Министр Казакбаев кесиптешине Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал жана алдыдагы маанилүү саясий окуялар жөнүндө кыскача маалымат берди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде быйыл ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү маселесин талкуулашты.

Регионалдык бирикмелердин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгы жөнүндө макулдашышты. Бул контекстте, министрлер ушул жылы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги 10-жыйынын Кыргызстанда уюштуруу жана эки тараптуу Бизнес-форум өткөрүү темасына токтолушту.

Тараптар ошондой эле эл аралык платформалардагы өз ара аракеттенүү жана өз ара колдоо маселелерине көңүл буруп, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий