• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Сузакта 2019-2020-окуу жылында район аймагындагы мектептерде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча РИИБдин кызматкерлеринин катышуусу менен мектеп окуучуларына туура багыт берүү максатында иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындарга жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, имамдар катышууда. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болуп, мыкты билим алууга үндөшүүдө.

Ал эми Базар-Коргон РИИБи тарабынан окуучулар арасында топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында мектептер аралык волейбол оюну өткөрүлдү. Бул спорттук мелдеште район аймагындагы №9, №44, №49 мектептеринин 8-11-класстарынын окуучу кыздары таймашышты. Спорттук оюндардын жүрүшүндө милиция тарабынан мектеп рекетчилигинин алдын алуу, эрте турмушка чыгуунун терс жактары боюнча маалыматтар берилип, спорт аркылуу дени сак жашоо образын түптөөгө, мекенге кызмат кылууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий