• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө 8 миңден ашык "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында 8 миңден ашык "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун экинчи этабы ишке кирип, Балыкчы шаарында, Түп жана Ак-Суу райондорунда кардарларга электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (акылдуу эсептегичтер) орнотуу иштери жүрүүдө.

Долбоордун экинчи этабынын алкагында 8 миңден ашык акылдуу эсептегичтер келип, алардын 5703ү орнотулду. Анын ичинен Түп районуна 3487, Балыкчы шаарына 1100, Ак-Суу районуна 1116 даана.

Мындан сырткары, жыл аягына чейин Ысык-Көл облусунун баардык райондорунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери жигердүү жүргүзүлөт.

Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:

- реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
- электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоого жардам берет;
- эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;
- чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
- дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.

"Энергетика тармагындагы мындай жаңылануу кадамдары эң алгач сарамжалдуулукту жана үнөмдөөнү камсыздап, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий