• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад облусундагы 58 айылга таза суу жеткирүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун калкын ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлорунун алкагында 58 айылда жана 3 шаарда иштер жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын (24 айыл) жана республикалык бюджеттин (34 айыл) каржылоосуда ишке ашырылууда.

Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылоосундагы долбоорду АРИС аркылуу 8 чакан долбоор (19 айыл) боюнча курулуш жумуштары аткарылып, 2 чакан долбоор (3 айыл) боюнча тендердик процедуралар жүрүүдө.

Алсак, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы 4 айылды камтыган “Гөлөгөн” чакан долбоорунда каралган жумуштар 100 пайызга аткарылып, пайдалануу алдында турат. Могол айыл аймагындагы 3 айылды камтыган “Чарбак” чакан долбоорунда: Чарбак 78%, Кызыл-Суу айылы 45%, Гүмкана айылы 40% курулуш иштери аткарылды.

- Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагындагы 3 айылды камтыган “Үч-Терек” чакан долбоорунда каралган курулуш иштери 46 пайызга;

- Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы 2 айылды камтыган “Жерге-Тал” чакан долбоорунда курулуш иштери 75%, Жаңы-Жол айыл аймагындагы 2 айылды камтыган “Жаңы-Жол” чакан долбоорунда 46%;

- Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагындагы 4 айылды камтыган “Достук” чакан долбоорунда 1-2-лот боюнча келишимде каралган курулуш иштери 72 пайызга;

- Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы 3 айылды камтыган “Беш-Мойнок” чакан долбоору боюнча 46% курулуш жумуштары аткарылды.

Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын каржылоосундагы долбоорлор алкагында ичүүчү суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоонун Жалал-Абад шаарында II–фазасы боюнча курулуш иштери жүрүүдө. Майлуу-Суу жана Токтогул шаарлары боюнча инженердик консультанттар тандалып алынып, керектүү техникаларды камсыздоо жумуштары аткарылып жатат.

Республикалык бюджеттин эсебинен облус боюнча 455 млн 966 миң сомду түзгөн 34 айылда таза суу жеткирүү аракеттери колго алынган. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин жана фонддордун эсебинен 5 айылда тийиштүү жумуштар жүрүп жатат. Ал эми Базар-Коргон айылында 10 млн.сомдук, Ноокен районунун Жазгак айылында 1,3 млн сомдук жумуштар толугу менен бүткөрүлүп, 2022-жылдын 2-кварталында пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий