• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ала-Бука жана Чаткалда иш сапарында болду

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 2021-жылдын 20-декабрынан 24-декабрына чейин Ала-Бука жана Чаткал райондорунда иш сапарында болушту. Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын катчылыгынан билдиришти.

Иш сапардын максаты КР Акыйкатчы институту тарабынан ишке ашырылган “Укук кербени” долбоорунун жүрүшүндө жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин жеринде чечилишине көмөк көрсөтүү.

Атап айтканда, аталган райондордун тургундары тарабынан көтөрүлгөн курч көйгөйлөрдүн катарында этникалык кыргыздардын документ алуу маселелери бар болчу. Алардын айрымдары жарандык алууга документ өткөрүү кыйынчылыгы, документтин жоктугунан дарыланууда, билим алууда жана социалдык жеңилдиктерди алууда көйгөйлөр жаралып жатканына даттанышкан эле. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан арыз ээлерине укуктук консультациялар берилген.

Этникалык кыргыздарды документтештирүүдө КР президентинин “Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу” 2021-жылдын 8-июлундагы №291 Жарлыгы жагымдуу шарттарды түзгөнүн белгилеп коюу керек.

КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ала-Бука районундагы 1-Май айылында Жарандык абалдын актыларын каттоо жана калкты паспорт менен камсыздоо бөлүмүндө жарандык алуу үчүн документтерди кабыл алуу процессине мониторинг жүргүзүштү. Бардыгы болуп, этникалык кыргыздардан 11 адамдын документи кабыл алынды. Ал эми 4 адам боюнча тиешелүү суроо-талаптар Минск конвенциясынын талаптарына ылайык Өзбекстанга жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий