• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Бишкекте дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, СССРдин эмгек сиңирген спортчусу Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 24-26-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Жалпы эркектер арасында 9 салмак категорияда (55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг) жана кыз-келиндер арасында 10 салмак категорияда (45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг) күч сынашышты.

24-декабрь күнү мелдештин ачылыш аземи өтүп, ага Дене тарбия жана спорт боюнча мамдепартаменттин директору Канат Шабданбаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков, Каныбек Осмоналиев жана башка коноктор катышты.

Пикир

Оставить комментарий