• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия кубогуна тандоо: Бүгүн Кыргызстандын курамасы Сингапур менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт. Кыргызстан - Сингапур оюну саат 20:00дө аталган стадиондо башталат.

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин улуттук кураманын футболчуларынын физикалык жана тактикалык жактан даярдыгы мыкты экендигин билдирген.

Оюндун жүгүртмөсү:
8-июнь:
• Кыргызстан - Сингапур;
• Тажикстан - Мьянма.
11-июнь:
• Сингапур - Тажикстан;
• Мьянма - Кыргызстан.
14-июнь:
• Кыргызстан - Тажикстан;
• Мьянма - Сингапур.

Эскерте кетсек, Бишкектеги эски аянтта чоң экран коюлуп, алдыдагы беттештер түз чагылдырылып турат.

Пикир

Оставить комментарий