• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчу Эр-Рияддагы Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 29.10.23./Кабар/. Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жатат.

Спортчу Дүйнө оюндарында 71 кг чейинки салмакта катышкан.

Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерди жеңип, 1-орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, бүткүл Дүйнөлүк оюндар 20-октябрда башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат.

Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүүдө.

Кыргызстандын улуттук курама командасы каратэ, самбо, жиу-житсу, грэпплинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышты.

Пикир

Оставить комментарий