• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыр! Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында ойной турган командалардын атаашдаштары өзгөрдү

Спорт 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына чыккан командалардын атаандаштарын аныктоо үчүн кайрадан чүчүкулак тартылды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыткы.

“Зениттин” мурдагы оюнчусу Андрей Аршавин “Вильярреал” командасынын атаандашын аныктоо үчүн “Манчестер Юнайтед” жазылган шарды кутудан алып чыккан. Бирок аталган лиганын тандоо турунда ойногон командалар лиганын 1/8 финалында бири-бирине каршы ойной албайт. Мындан улам МЮ жазылган шар атайын кутудан алынган. Андан кийин “Вильярреалдын” атаандашы “Манчестер Сити” командасы болгон. “Атлетико” командасынын атаандашын тандоодо уюштуруучулар “Манчестер Юнайтед” командасы жазылган шарды кутучага салууну унутуп калышкан.

Мындан улам Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында төмөнкү командалар бири-бири менен беттешет:

- “ПСЖ” (Франция) – “Реал” (Испания),
- “Зальцбург” (Австрия) – “Бавария” (Мюнхен, Германия),
- “Бенфика” (Лиссабон, Португалия) – “Аякс” (Амстердам, Нидерланды),
- “Спортинг” (Лиссабон, Португалия) – “Манчестер Сити” (Англия),
- “Атлетико” (Мадрид, Испания) – “Манчестер Юнайтед” (Англия),
- “Интер” (Милан, Италия) – “Ливерпуль” (Англия),
- “Челси” (Лондон, Англия) – “Лилль” (Франция),
- “Вильярреал” (Испания) – “Ювентус” (Турин, Италия).

Пикир

Оставить комментарий