• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда эр эңиш боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Ысык-Көл облусунда ат үстүндөгү күрөш (эр эңиш ) боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат 23-24-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өткөн.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Кытай, Венгрия, Афганистан жана Россиядан келген 48 спортчу күч сынашты. Катышуучулар 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг салмакта беттеш өткөрүштү.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жалпы байге фонду 1 млн 650 миң сомду түздү.

Командалык эсепте Кыргызстан 1-орунду, 2-орунду Казакстан жана 3-орунду Россия мамлекети ээледи.

1-орун — 100 миң сом;
2-орун — 75 миң сом;
3-орун — 50 миң сом.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
60 кг
1-орун Жекшенбек Турдубеков (Кыргызстан);
2-орун Миркосим Атажанов (Өзбекстан);
3-орун Ильдар Губадуллин (Россия);
3-орун Жарас Алтынбек (Казакстан);
70 кг
1-орун Мухаммеджан Сайлау (Казакстан);
2-орун Бактыгул Райхан уулу (Кыргызстан);
3-орун Атабек Муллобаев (Өзбекстан);
3-орун Нурболот Талипбай (Кытай).
80 кг
1-орун Дарын Откелбай (Казакстан );
2-орун Калыс Бузурманкул уулу (Кыргызстан);
3-орун Жакындан Нуржан (Кытай);
3-орун Умиртай Жаркынбек (Монголия);
90 кг
1-орун Амантур Мунур уулу (Кыргызстан);
2-орун Ильясбек Канатбек (Кытай);
3-орун Инсаф Хусаинов (Россия);
3-орун Габит Агабек (Казакстан).
100 кг
1-орун Турдукул Абдрахманов (Кыргызстан);
2-орун Бакытжан Жанат (Монголия);
3-орун Раниль Ахметзянов (Россия);
3-орун Виктор Тимофеев (Казакстан).
+100 кг
1-орун Нуржан Еркин уулу (Казакстан);
2-орун Динар Хайбиев (Россия);
3-орун Ориф Кутбиев (Өзбекстан);
3-орун Орозакын Корон Кан (Монголия).

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы, Республикалык “Эр эңиш” федерациясы жана “Ат үстүндөгү күрөш” эл аралык федерациясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий