• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен болгон жолугушууга катышты

Саясат 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында “Иннопром Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуу үчүн келген өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бирге Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.

Жолугушуу Касым-Жомарт Токаевдин жана делегация башчыларынын куттуктоосу менен башталды.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү, соода-экономикалык мамилелерди жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү боюнча кызматташтыкты бекемдөө маселелерин кеңири талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий