• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда өтчү Олимпиаданын лицензиялык мелдеши Кыргызстанда өтмөй болду

Спорт 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия бере турган мелдеш Кытайда эмес, Кыргызстанда өтмөй болду. Мындай чечим Кытайда коронавирустун тарашынан улам кабыл алынган. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш 27-29-мартта Бишкек шаарында өтөт.

"Кыргызстандын өкмөтү жана Күрөш федерациясы мындай өзгөчө иш-чараны өз өлкөсүндө өткөрүүгө макулдук бергенине сүйүнүп турабыз", - дейт Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович.

Мелдешке уруксат алган кытайлык спортчулар алгач Сербияда карантиндик текшерүүдөн өткөндөн кийин Бишкекке учуп келишет.

Эскерте кетсек, жайкы Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-августка чейин Токиодо өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий