• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Президенттин жетекчилиги астында жаңы учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен машыгуулар өткөрүлдү

Президент 0


Бишкек, 29.10.23./Кабар/. Президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн “Эдельвейс” аскер полигонунда өткөн көрсөтмөлүү тактикалык-саптык машыгууларга катышты.

Машыгуунун алдында Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусунда турган жаңы аскердик техниканын, учкучсуз учуучу аппараттардын, инженердик, радиоэлектрондук күрөштүн каражаттарынын жана атылуучу куралдардын үлгүлөрү, анын ичинде атамекендик өндүрүштөн чыккан бронемашиналар жана дрондор менен таанышты.

Садыр Жапаров ири калибрдүү пулемет менен менен жабдылып жана душмандын күчтөрүн, ошондой эле жапыз учкан буталары менен абадагы жана жердеги десантын жок кылууга багытталган "Тигр", "Аксум" жана "Тойота Ленд Крузер79" зооттолгон атайын унааларын, атамекендик дрондорду көрдү.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын жагдай түзүлүп, шарттуу душман белгиленип, аларды КР УКМКнын чек ара кызматынын күжүрмөн бөлүктөрү көрсөтүлгөн куралдар менен жок кылыш керек болду.

Жогорку таамай тийүүчү курал менен куралданган көзгө атарлар жоокерлерди жок кылуу жана автомобиль, жеңил зооттолгон техниканы жарактан чыгаруу боюнча мүмкүнчүлүгүн көрсөттү.

Чек ара кызматынын куралдануусунда душмандын ачык жердеги, окоптордогу жана тоо боорундагы аскерлерин жок кылууга багытталган 40 мм алты заряддуу RBG гранатометтору да бар.

Садыр Жапаровго "жер - аба", "аба – аба" ракеталары менен жабдылган жаңы "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттардын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү жана атышуу күчү көрсөтүлдү, алар аба максаттарына да, жер үстүндөгү объекттерге да сокку урууга жөндөмдүү, аларды талкалоонун тактыгы жарым метрге чейин жетет. Учкучсуз учуучу аппараттарды күнү-түнү аскердик миссияларды аткарууга жөндөмдүү, оптикалык жана радио-локациялык байкоо үчүн жогорку технологиялык приборлор, ошондой эле лазердик максаттуу аспаптар менен жабдылган.

450 аттын күчүнө барабар АИ-450Т эки турбовинттүү кыймылдаткычы менен жабдылган “Акынжы” учкучсуз учуучу аппараты ыкчам стратегиялык абадан чалгындоо жүргүзүү, ошондой эле душмандын объектилерине авиациялык сокку уруу үчүн каралган. Максималдуу учуу ылдамдыгы 361 км/с жетет.

“Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараты сокку уруучу аппарат катары визуалдык, радио-чалгындоо, кайгуулдоо үчүн дайындалган. Бул аппарат 170 аттын күчүнө барабар TEI PD170 эки турбовинттүү кыймылдаткычы менен жабдылып, 240 км/с крейсердик ылдамдыкта уча алат.

Мамлекет башчысы машыгуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп жатып, учурда дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал татаал бойдон сакталуусун айтты.

Алыскы жана жакынкы чөлкөмдөгү куралдуу кагылышуулар, саясий максаттарга жетүү үчүн мыйзамсыз куралчан түзүмдөрдү жана террористтик топторду колдонуу сыяктуу терс көрүнүштөр Ата Мекенибиздин чегин, коопсуздугун камсыз кылуу милдетин өтөп жаткан ар бир эр-азаматтан жогорку күжүрмөн даярдыкта болушун талап кылууда.

Ошону менен катар Президент Кыргызстан ар дайым эл аралык укуктук принциптер менен нормаларды сактап келген жана мындан ары да бекем сактарына басым жасады. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун кынтыксыз камсыздоо, мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. 2021-жылдан баштап өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн, анын ичинде учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга карата күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатат.

Президент бул максатта тиешелүү тапшырмаларды бергенин жана бүгүнкү иш-чара алардын жыйынтыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу республикалык бюджеттин эсебинен Куралдуу күчтөрдү менен Чек ара кызматын “Байрактар ТБ”, “Акынжы”, “Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараттары, курал-жарактардын, аскердик техникалардын заманбап үлгүлөрү менен камсыздоо жаатында дагы ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал мындан ары да өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү күчтөнүп, жоокерлердин социалдык абалын чыңдоо, турак жай менен камсыздоо, ипотекалык программа, анын ишин толук кандуу каржылоо, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөсүнүн татыктуу жашоосу үчүн каражат бөлүү улантыларын ишендирип өттү.

Учурдан пайдаланып, Мамлекет башчысы өлкөбүздүн чек ара коопсуздугуна ар тараптуу көмөк көрсөтүп жаткандарга терең ыраазычылыгын билдирди.

Ал жаңы заманбап техниканы өздөштүрүүгө жана ийгиликтүү колдонууга өбөлгө болушу үчүн ушундай тактикалык-саптык машыгуу мындан ары дагы ырааттуу өткөрүлөрүн айтты.

Садыр Жапаров Ата Мекенибиз болгон Кыргызстандын коопсуздугу баарыбыздын жүрөгүбүздө, көңүл борборунда болушу керектигин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров тик учактар катышкан аскердик марштын жүрүшүнө байкоо мунарасынан көз салды.

Пикир

Оставить комментарий