• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Кыргызстан EXPO 2023" универсалдуу көргөзмөсү аяктады

Экономика 0

Бишкек, 29.10.23./Кабар/. Бишкекте "Кыргызстан ЭКСПО 2023"эл аралык универсалдуу көргөзмөсү аяктады. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Көргөзмөнүн 80ден ашуун катышуучусу тамак-аштан баштап, акыркы техникаларга жана автоунааларга чейин өз продукцияларын тартуулашты, аны келгендер жогору баалашты.

Көргөзмөдө ошондой эле Кытай, Россия, Индия, Германия, Иран, Монголия, Беларусь жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн продукциялары коюлган.

"Бул ишкерлер үчүн өз ара аракеттенүү, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана бизнесин кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк", - деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөгө катышкан компаниялар дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Көргөзмөнүн максаты — сапаттуу ата мекендик жана чет өлкөлүк продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү, ошондой эле ишканалардын жана Евразия мейкиндигинин өлкөлөрүнүн экономикалык, илимий-техникалык, маданий өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү болду.

Пикир

Оставить комментарий