• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги эки конушта 31-октябрь күнү суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Бишкектеги эки конушта 31-октябрь күнү суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мурас Ордо" конушунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин, "Калыч Ордо" конушунда саат 09:00дөн 15:00гө чейин суу жок болот.

Муниципалитеттен мындай чара "Мурас Ордо", "Калыс Ордо" суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экендигин айтышты.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий