• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-августта, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (ЕӨАК) кезектеги отурумунун алкагында болду.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, евразиялык интеграция, ЖККУ жана кыргыз-армян кызматташтыгынын башка өз ара пайдалуу багыттары талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Никол Пашинянды партиясынын кезексиз өткөн парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Армения эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн бардык жагымдуу шарттар бар экенине токтолду. Мамлекет башчысы буга байланыштуу аталган багыттагы иштерди күчөтүүнү сунуштады.

Президент соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын биринчи жыйынын мүмкүн болушунча тез арада өткөрүүнүн маанисин белгиледи.

ЕАЭБ алкагындагы кызматташуу жөнүндө айтып жатып, президент Садыр Жапаров Кыргызстан евразиялык интеграцияга өзгөчө көңүл бурарын билдирди. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышуусу өлкөнүн тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон калат.

Президент Биримдиктин алкагында жалпы эмгек рыногун мындан ары калыптандыруу боюнча максаттуу иштерди улантуу зарыл экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Никол Пашинян, бул биринчи бетме-бет жолугушуу экенин белгилеп, Садыр Жапаровго өлкөнүн жана достук мамиледеги Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн аткарып жаткан ишинде ийгиликтерди каалады.

Армения Премьер-министри өлкөлөрдүн мындан аркы өнүгүү пландарын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен иштеп чыгуу зарыл экенин баса белгиледи.

Аталган Биримдик соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы чоң потенциалы болгон өз ара соода жүгүртүүнү өстүрүү боюнча аракеттерди активдештирүү зарыл.

Никол Пашинян Садыр Жапаровдун Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүү боюнча демилгесин колдоп, жакында Армения комиссиянын тең төрагасын дайындай турганын белгиледи.

Эки тарап бардык актуалдуу тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык жана саясий чөйрөлөрдө да активдүү кызматташууну улантууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий