• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэринин м.а. Айбек Жунушалиев жолдордун курулушун текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 18-августта Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев "Ак-Ордо" конушундагы мектептин жана бала бакчанын имараттарынын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, андан кийин Каркыра көчөсүн да текшерди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, текшерүү учурунда мэр жолдорду реконструкциялоодо шаардыктар менен тыгыз иштешүү зарылдыгын белгиледи.

"Шаардык кызматтар үчүн приоритет так биздин жашоочулардын муктаждыктары болууга тийиш. Ошондой эле ал аткарылып жаткан иштердин сапатын жана объекттерди бүткөрүү мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлдөөнү айтты", - деп айтылат билдирүүдө.

Каркыра көчөсүн оңдоо Өмүракуновдон Өмүргө чейинки тилкеде, узундугу 1700 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле эки жагында тротуарлар болот. Жолду сентябрдын аягына чейин ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий