• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Манас проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, оңдоп түзөө иштеринен кийин Манас проспектисинин Чүйдөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган тилкеде асфальтбетонду оңдоо жана жаңы жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлгөн.Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда башталган.

11-июлдан тарта оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн Манас проспектисинин Токтогулдан Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Оңдоо иштерин 30-августка чейин аяктоо пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий