• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Панфилов районунда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Жайкы эс алуу учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери тынымсыз жургүзулүп келет. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-14-июль күндөрү “Өспүрүм-Жай” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы Панфилов районунда болуп өттү.

Аталган иш-чарада Панфилов РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөр сууга түшкөн көлмөлөрдү, агын сууларды, каналдарды кыдырышып, сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде жуунуп жатышкан өспүрүмдөргө түшүндүрүү штерин жүргүзүштү.

Милиция кызматкерлери ата-энелер менен жолугушууларды уюштурушуп, өспүрүмдөргө тынымсыз көз салып туруу зарыл экендигин эскертишти.

Рейд учурунда Панфилов РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспециясынын кызматкерлери тарабынан түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок жүргөн 18 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелери жана жакындары чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 61-беренеси ("Ата-энелик милдеттерден качуу") боюнча 4 протокол толтурулган.

Мындай алдын алуу иш-чаралары Чүй облусу боюнча баардык райондордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий