• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин айрым жерлеринде көгүлтүр от 2 күнгө өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 29-30-август күндөрү Бишкектин айрым жерлеринде көгүлтүр от өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жаратылыш газы Буурдинский, Темиров, Кемин көчөлөрүндө жана Чоң Чүй каналынын аймагында өчүрүлөт.

Жалпы жонунан 543 абонент көгүлтүр оту жок калат.

Газдын убактылуу өчүрүлүшү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

"Гаспром Кыргызстан" ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий