• 88.68
  • 95
  • 0.95

3-майга чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 27-апрелден 3-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-апрелде күндүз, 29-апрелде жана 30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-2-майларда жана 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

27-30-апрелдерде жана 1-3-майларда

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-29-апрелдерде жана 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-2-майларда жана 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-30-апрелдерде жана 1-2-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-апрелде күндүз жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-2-майларда жана 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт

3-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-30-апрелдерде жана 1-3-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

1-2-майларда жана 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-30-апрелдерде жана 1-3-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде күндүз жана 30-апрелде кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-2-майларда жана 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-30-апрелдерде жана 1-3-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-апрелде кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-30-апрелдерде жана 1-3-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-апрелде күндүз жана 28-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

29-30-апрелдерде жана 1-3-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

29-30-апрелдерде жана 1-3-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде жана 28-апрелде түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

28-апрелде күндүз, 29-30-апрелдерде жана 1-3-майларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий