• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖЭБдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун кызматкер тартылды

Коом 0


Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 557 кызматкер, 35 техника тартылды.

Ыкчам штабдан билдиришкендей, анын ичинен ӨКМден 133 куткаруучу жана 17 техника тартылган.

Жеринде түзүлгөн штаб ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий