• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги майыптыктын медициналык моделинен социалдык моделге өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги медициналык-социалдык экспертизаны реформалоо боюнча олуттуу иштерди баштады.

Министр Гүлнара Баатырованын 2023-жылдын сентябрындагы тапшырмасына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуунун жаңы механизмдерин өркүндөтүү жана ишке киргизүү маселелери каралууда, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Бүгүнкү күндө "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү.

Медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга берүү үчүн маалымкаттардын саны 11ден 1 документке – амбулатордук картасына чейин кыскартылган, ал зарылдыгына жараша талап кылынат. Саламаттык сактоо уюмдары бардык зарыл документтерди санариптештиргенден кийин адам медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга (МСЭК) 1 жолу гана келиши керек болот.

Министрлик заманбап талаптарды эске алуу менен жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу боюнча жаңы Жобонун долбоорун иштеп чыгууну аяктоодо.

Реформалоонун жыйынтыгы боюнча реабилитациялоонун жекече программаларын (РЖК) ишке ашырууну контролдоо күчөтүлөт, алар социалдык коргоо, реабилитациялоо жана коомго максималдуу интеграциялоо чараларын(ишке орноштуруу, кайра окутуу, жардамдын кошумча түрлөрү менен камсыз кылуу ж.б.) аныктайт.

Ошентип, медициналык реабилитация медициналык дарылоону, физиотерапияны, хирургиялык коррекцияны ж.б.) камтыйт, ал эми социалдык реабилитация адамдын ар кандай чектөөлөрдөн (физикалык жана интеллектуалдык) улам төмөндөшү мүмкүн болгон социалдык абалын калыбына келтирүү үчүн иштейт.

МСЭКтин эксперт-дарыгерлери-бул дарылоо жана алдын алуу гана эмес, социалдык кызматтардын билимин камтыган атайын квалификациясы бар дарыгерлер. Ошондуктан саламаттык сактоо системасындагы врачтык-эмгектик эксперттик комиссиялардын иш тажрыйбасы натыйжасыз болуп чыкты. Мындан тышкары, оорунун диагнозун коюу жана майыптуулукту күбөлөндүрүү бир эле ведомство тарабынан жүргүзүлбөйт, анткени бул кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келет.

2023-2030-жылдарга "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасы майыптыктын медициналык моделинен социалдык моделге өтүүнү карайт, бул майыптыктын түшүнүгүн кеңейтет.

Ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында кызматкерлерди кайрадан аттестациялоо, кызматка дайындоодо көзөмөлдү күчөтүү жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аркылуу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча иштер улантылууда.

Азыркы учурда дээрлик бардык МСЭКтерде видеокамераларды орнотуу боюнча иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий