• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сак болуңуздар! Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.03.24./Кабар/. 2024-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан эскертишти.

Ведомствонун маалыматына таянсак, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жогору.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий