• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Политехтин 88 пайыз бүтүрүүчүсү өз кесиби менен иштеп кетет — ректор

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (Политех) 88 пайыз бүтүрүүчүсү өз кесиби менен иштеп кетет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында аталган жогорку окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев билдирди.

Чыныбаев калган бүтүрүүчүлөрдүн арасында окуусун уланткан, үйлөнүп же армияга кеткендер бар экенин айтат.

“Бүгүнкү күндө биз практиканы көбөйтүп, теорияны азайтып жатабыз. Студенттер кышында теориясын окуса, жай мезгилинде практикасын өтүп, минималдык маяна алгандар дагы бар. Бирок бул кесипке байланыштуу. Алсак, логистика тармагында 30дай компания студенттерди практикага алып, маянасын төлөй турууга даярдыгын билдирген”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий