• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Ленин районунун мурдагы башчысы Чыныбаев айыпталып жаткан беренелерди атады

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын мурдагы башчысы Чынасыл Чыныбаев партиялардын бирин колдоого бюджеттик каражатты бөлгөн. Бул тууралуу УКМКнын өкүлү Дулат Жанов ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобунун жыйынында билдирди.

Ал Чыныбаевге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражатты энчиктөө же чыгымдоо фактылары боюнча кылмыш иши козголгонун тактады.

“Шайлоо мыйзамдарынын алкагында аталган фактыны текшерүү максатында маалыматтар КР БШКнын ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна берилди”,-дейт ал.

Эскерте кетсек, Чыныбаев кечээ, 29-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук администрация башчысы кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий