• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 100дөн ашык адам коронавируска кабылып, бирөө каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 113 адамдан табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 61, Чүй облусунда – 44, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 3 кишиден илдет табылган.

“Ал эми бир сутка ичинде 70 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 33, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 13 жана Нарын облусунда – 4 киши айыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду”, - дейт ал.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 530 бейтап, амбулатордук түрдө 577 адам дарыланууда.

Акматова кошумчалагандай, бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 245 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 276 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 723 киши айыгып чыкса, 1 миң 498 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий